- интернетте Кыргыз Республикасынын Тейлөө Кооперативдер Союзунун (КРТКС) бирдиктүү электрондук веб-сайтын ачып, анда баштапкы тейлөө кооперативдерди жана алардын ар кайсы аймактык деңгээлдеги (райондук, областтык, республикалык) союздарын уюштуруу боюнча демилгечи топторду түзүп, жол картасын (кадам сайын түшүндүрүү методикалык көрсөтмөлөрүн) жайгаштыруу;
- сунушталган кооперация моделинин маанисин, муктаждыгын жана артыкчылыгын кеңири түшүндүрүү, маалим кылуу максатында интернет, массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтуу, пропагандалоо компаниясын жүргүзүү зарыл;
- республикабыз боюнча (ар бир райондордун акимчиликтеринин жыйындар залында), бир күндүк сервистик кооперативдерди жана алардын союздарын түзүү боюнча тренинг, семинарларды өткөрүп, ал семинарлардын жыйынтыгы боюнча катышуучулардын арасынан активдүү жана демилгелүү ишмерлерди таап, алардын катышуусунда жер-жерлерде сервистик кооперативдерди уюштуруу комитеттерин түзүү керек. Аларды баштапкы сервистик кооперативдерди жана алардын райондук союздарын уюштуруу боюнча методикалык материалдар менен камсыздап, алар менен байланышты түзүү зарыл;
- республика боюнча сервистик кооперативдердин баштапкы уюмдарын түзүүнү бир күнгө дайындап, “Айылым алтын бешигим” деген девиз менен айыл элдерин биримдикке, ынтымакка чакырып, айылдар, аймактар арасындагы атаандаштык маанайды жаратып, уюшкандыкта өткөзүү керек;
- андан соң райондук, областтык жана республикалык сервистик кооперативдер союздарын түзүү өз тартибинде өткөрүлө берет. Мына ошентип бир жыл арасында Кыргыз Республикасынын Тейлөө Кооперативдер Союзун (КРТКС) түзүү мүмкүнчүлүгү бар.