Тейлөө кооперативин уюштуруу чогулушу

Башкы бет / Долбоор жөнүндө / Тейлөө кооперативин уюштуруу чогулушу

Чогулуш:

- кайсы бир жайга, белгилүү бир мезгилде, бир максатты көздөп, же бир проблеманы талкуулап, талашып-тартышуунун натыйжасында чечүү үчүн жыйылган элдин тобу. Аты айтып тургандай тейлөө кооперативин же болбосо алардын ар кандай аймактык деңгээлдеги союздарын уюштуруу жыйыны - бул алдын-ала белгиленген жайда, бир мезгилде тейлөө кооперативин же алардын ар кандай аймактык деңгээлдеги союздарын уюштуруу максатында чогулган элдик жыйын.

Уюштуруучулар:

- жыйындарды тейлөө кооперативдерин, же алардын ар кандай аймактык деңгээлдеги союздарын уюштуруу боюнча түзүлгөн демилгечи тобу тарабынан чакырылат жана жыйындын катышуучуларына жыйындын максаты, катышуучулары, өтө турган жери (дареги), убактысы, күн тартиби алдын ала маалымдалат. 

Жыйындын жүрүш тартиби:

- жыйындын катышуучулары чогулуп катоодон өткөн соң, жыйындын катышуучуларына демилгечи топ тарабынан анын максатын, чакырылгандардын санын  жана каттоонун жыйынтыгын кабарлап, жыйынды ачык деп жарыялоо менен катар жыйынды  уюшкандык тартипте алып барыш үчүн жыйындын төрагасын жана  протоколун жүргүзүүгө катчысын шайлап алууну сунуштайт (№ 2 Үлгү);

- жыйындын катышуучулары тарабынан сунушталган талапкерлерди ачык добуш берүү аркылуу жыйындын төрагасы жана  катчысы шайланат. Жыйындын төрагасы демилгечи топ даярдап, сунуштаган  жыйындын күн тартибин анын катышуучуларына сунуштайт жана ачык добуш берүү аркылуу жыйындын күн тартибин кошумча, толуктоолору менен бекитип алат.  Жыйындын күн тартибинин биринчи маселесин талкууга өтүп, тейлөө кооперативин уюштуруу чечимин жана анын уставын кошумча-алымчалары менен кабыл алат (№ 9 Үлгү). Жыйындын күн тартибинин экинчи маселесине, тейлөө кооперативинин башкаруу органдарын шайлоого өтүшөт. Жыйындын катышуучулары адегенде тейлөө кооперативинин  башкаруу органдарынын сандык түзүмүн такташып, андан соң жеке түзүмдөрүнө талапкерлерди сунушташат. Тейлөө кооперативинин  башкаруу органдарын шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу жүргүзүлөт. Жашыруун добуш берүүнү жүргүзүү жана жыйынтыктарын санап жарыялоо максатында жыйындын катышуучулары тарабынан эсеп комиссиясын шайлашат. Эсеп комиссиясы өз милдеттерине киришүүгө өтүшөт.  Бул убакта жыйындын катышуучулары күн тартибинин  кийинки маселесин кароого өтүп, тейлөө кооперативинин мүчөлүк салымынын өлчөмүн, уставдык (пайлык) фондунун өлчөмүн жана уставдык (пайлык) фонддогу ар бир уюштуруучунун үлүштөрүнүн (пайларынын) өлчөмүн аныктоого киришет. Андан соң тейлөө кооперативин мамлекеттик каттоодон өткөрүү маселесин карашат. Бул учурда эсеп комиссиясы тейлөө кооперативинин башкаруу органдарынын шайлоо кутусун жана бюллетендерин даярдап бүтүп, шайлоо процессин баштоону сунуштайт. Шайлоо аяктап, эсеп комиссиясы шайлоо бюллетендерин санап бүткөн соң жыйынтыгын жыйындын катышуучуларына жарыялайт (№ 6, Үлгү), (№ 7, Үлгү), (№ 8, Үлгү), (№ 10, Үлгү), ( № 11, Үлгү), (№ 12, Үлгү), (№ 13, Үлгү). Жыйындын аягында жыйындын катышуучулары тарабынан түшкөн суроо-жоопторго, жыйындын жүрүшү боюнча сунуш, каалоо-тилектерге, сын-пикирлерге көңүл бөлүнөт.

Өлкөлөр боюнча кеңселер
Кыргызстан
+996 776 91 35 62
Биз социалдык тармактардабыз
Copyright © 2025
Тейлөө Кооперативдер Союзу.
Бардык укуктар корголгон.
Купуялык саясаты Пайдалануу шарттары Яндекс.Метрика