Сунушталган тейлөө кооперативи

Башкы бет / Долбоор жөнүндө / Сунушталган тейлөө кооперативи

Уюштуруу өзгөчөлүктөрү:

- ар бир калктуу жайлардын (же бир нече жакынкы аралыктагы кичинекей калктуу жайлардын) калкы: ишкерлери (товар өндүрүүчү, кайра иштетүүчү, соодагер ортомчулар, финансы-насыячылар, турмуш-тиричилик, курулуш - унаа, телекоммуникациялык, клирингдик, консалтингдик жана башка кызмат көрсөтүүчүлөрү) менен кошо жөнөкөй товар жана кызмат керектөөчүлөр арасында горизонталдуу, ыктыярдуулук негизде биригүү жана вертикалдуу райондук, областтык, республикалык, ошондой эле ар кандай регионалдык тейлөө кооперативдер союзун түзүү менен тейлөө кооперативдер союзунун уюштуруу структурасынын биримдигин камсыздоо, ишмердигин координациялоо.

Максаты:

- ар бир калктуу жайлардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн (потенциалын) ачуу, ишкердикти жандандыруу (активдештирүү), ишкерлерге керектүү, ыңгайлуу шарттарды түзүү, өнүктүрүү аркылуу ишкерлер менен керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын акылга сыярлык чектерде байланыштыруу.

Артыкчылыктары:

- тейлөө кооперативдердин түптөлгөн уставдык (пайлык) фонддору жетекчилердин, текшерүүчү органдардын айлык акысына жана кооперативдердин күнүмдүк чыгымдарына жумшалбастан, банктардын депозиттик эсебинде сакталып, дайыма өсүүдө болуп, алардын кредиторлорунун кызыкчылыктарынын кепилдиги менен бирге банктарга кошумча насыялык каражат болуу;

- тейлөө кооперативдеринин жетекчилери жана текшерүүчү органдары айлык акыларын, ошондой эле кооперативдин ишинде күнүмдүк керектелүүчү чыгымдары сервистик кооперативдердин тапкан кирешелеринин эсебинен (белгиленген пайызда) киреше алынгандан соң, кооперативдин мүчөлөрү тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык каржылоо;

- тейлөө кооперативдердин башкармалыктары ишкерлердин өндүрүштүк (бизнес) планын кылдат карап, талкуулап, керектүү жерин оңдоп жактыргандан кийин тейлөө кооперативи менен ишкердин ортосунда ал өндүрүштүк (бизнес) планды керектүү каражат, шарттар менен камсыздоо келишими түзүлүп, анда каралган шарттарды ачык-айкын, өз убагында иш жүзүнө ашыруу. Мына ошентип тейлөө кооперативи менен ишкердин ортосунда бири-бирине болгон ишеним жана жоопкерчилик пайда болуп, бирге макулдашып, бардык тарапка бирдей ыңгайлуу шарттар кабыл алынып, тараптардын кызыкчылыктары бирдей каралган соң, кызматташууну бири-бирине жардамдашуу маанайында жүргүзүү;

- өндүрүлгөн товарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөрдөн акыркы керектөөчүлөргө түз жеткирүү чынжырчасын түзүүгө, ашыкча ортомчусуз, өтө ыңгайлуу финансы-насыялык, соода-ортомчулук, унаа-экспедициялык, консалтингдик, маркетингдик, юридикалык жана клирингдик тейлөө аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу;

- товар өндүрүүчүлөр, кызмат көрсөтүүчүлөр жана аларды керектөөчүлөр, ошондой эле катардагы сервистик кооперативдердин пайщиктери, жылына пайлык фонддун банкттык эсепте сакталган депозиттик өсүш пайызынан бөлөк, өз сервистик кооперативи жыл жыйынтыгы боюнча алган кирешеден пайщик катары өз үлүшүнүн өлчөмүнө жараша, үлүштүк киреше (дивиденд) алат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тейлөө Кооперативдер Союзунун  (КРТКС) чекене соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик тармагындагы кызмат көрсөтүү жайлары аркылуу товарларды сатып алууда, кызмат көрүүдө олуттуу арзандатууларга ээ болот. Жыйынтыгында, сервистик кооперативдердин пайлык фондуна салынган акча каражаттар жөн эле банктарда, депозиттик эсепке салган каражаттарга караганда, үч эсе кирешелүү болот;

- кредиттик каражаттарды максатсыз колдонууга жол бербөө жана кредиттердин кайтарымдуулугун камсыз кылуу үчүн сервистик кооперативдерге мүчө болгон ишкерлерге кредиттер мүмкүн болушунча керектүү товардык-материалдык жана кызмат көрсөтүү түрүндө, сервистик кооперативдердин башкармалыктары тарабынан бекитилген бизнес-пландарга жана сервистик кооперативдер менен ишмерлердин арасында түзүлгөн келишимдерге жараша жүргүзүлөт.

Өлкөлөр боюнча кеңселер
Кыргызстан
+996 776 91 35 62
Биз социалдык тармактардабыз
Copyright © 2025
Тейлөө Кооперативдер Союзу.
Бардык укуктар корголгон.
Купуялык саясаты Пайдалануу шарттары Яндекс.Метрика