Союздар:
- кооперативдердин аймактык (район, область, республика) союздары – бул баштапкы тейлөө кооперативдеринин же тийиштүү аймактык деңгээлдеги тейлөө кооперативдеринин союздарынын андан жогорку аймактык деңгээлде уюштуруу структурасына биригүү максатында түзүлгөн жана анын уставын таануу менен бирге ал уставда каралган мүчөлүк, уставдык (пайлык) салымын кошкондордун тобу.
Райондук тейлөө кооперативдер союзу:
- Райондук тейлөө кооперативдеринин союзун түзүүчүлөр болуп райондун аймагында түзүлгөн баштапкы тейлөө кооперативдер, райондун борборунда жайгашкан жеке ишкер, кичи, орто, ири ишкана, мекеме, уюмдар жана жергиликтүү тургундар саналат.
Максаттары:
- ишмердик чөйрө активдешип, кеңейип, аларда өндүрүлгөн продукциялардын көлөмдөрү, түрлөрү өсүү менен бирге аларды жоготуусуз пайдалануу, кайра иштетүү, сактоо жана сатуу, экспорттоо маселелери пайда болот. Анын үстүнө өндүрүлгөн продукциялардын кандайдыр басымдуу бир бөлүгүнүн керектөөчүлөрү ошол эле райондун тургундары болот. Андыктан, райондун масштабында баштапкы тейлөө кооперативдерин бириктирип, чарбалык өз ара байланыштарын оптималдаштыруу, өндүргөн продукцияларын рационалдуу пайдалануу жана баштапкы тейлөө кооперативдеринин өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде канааттандырууга мүмкүн болбогон муктаждыктарын толук райондук деңгээлде канааттадыруу менен бирге райондун муктаждыктарынан ашык өндүрүлгөн продукциялардын көлөмүн (экспорттук потенциалын) аныктоо максатында ар кандай иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Областтык тейлөө кооперативдер союзу:
- райондук тейлөө кооперативдер союздары, областтын борборунда жайгашкан жеке ишкер, кичи, орто, ири, ишкана, мекеме, уюмдар жана жергиликтүү тургундар 7 областтык тейлөө кооперативдер союзуна биригишет.
Кыргыз Республикасынын Тейлөө Кооперативдер Союзу (КРТКС):
- 7 областтык тейлөө кооперативдер союзу, борбор шаарыбыз Бишкек шаардык Тейлөө Кооперативдер Союзу менен бирге Кыргыз Республикасынын Тейлөө Кооперативдер Союзун түзүп, республикабыздагы тейлөө кооперативдеринин бирдиктүү, өзүн өзү базар экономикасынын принцип, механизмдеринин негизинде башкарган жана каржылаган ишмердик (бизнес) уюм структурасы пайда болот.
Милдеттери:
- өздөрүнүн мүчөлөрүнүн муктаждыктарын уставдарында каралган, макулдашылып чечилген шарттарда жана түзүлгөн келишимдердин негизинде толук канааттандыруу менен бирге мүчөлөрүнүн толук экономикалык жана чарбалык өз алдынчалыктарын сактоо, башкача айтканда, өз мүчөлөрүнө кызмат кылуу, алардын талаптарын аткаруу жана ага жараша келишимдерде каралган сый акыларын алуу, мурункудай (совет доорунда) башкаруу эмес, аларга керектүү кызмат көрсөтүү;
- тейлөө кооперативдер союзунун уюштуруу структурасынын биримдигин камсыздоо, координациялоо жана ар кандай аймактык деңгээлде алардын таламдарын коргоо менен бирге аларга зарыл болгон илимий методикалык, техника - экономикалык материалдар, маалыматтар менен камсыз кылуу;
- тейлөө кооперативдер системасындагы маанилүү маселелерди, алдынкы тажрыйбаларды жамааттык талкуулоо уюштуруу аркылуу өнүктүрүү жана калктын кеңири катмарына жайылтуу;
- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр базарынын (рынок) абалын, өнүгүү келечегин изилдөө, калктын суроо-талаптарынын келечек базар (рынок) конъюнктурасына болжолдоолорду иштеп чыгуу менен өз убагында тейлөө кооперативдерине жана алардын союздарына жеткизүү;
- тейлөө кооперативдеринин мүчөлөрү тарабынан өндүрүлгөн товарларды (чийки заттарды) жана кызмат көрсөтүүлөрдү тиешелүү тейлөө кооперативдер, алардын союздары тарабынан бирдиктүү электрондук маалыматтык базага (вебсайтка) үзгүлтүксүз киргизүү жолу менен чарбалык жүгүртүүгө тартуу. Ал сайтта: бардык тейлөө кооперативинин мүчөлөрү жөнүндө зарыл болгон маалыматтар, жайгашкан даректери, өндүрүлүүчү товарлары жана көрсөтүлүүчү кызматтарынын ассортименти, шарттары, чекене, дүң баалары, жарнамалары жана ошондой эле онлайн системада союздун ичиндеги электрондук соода жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн чагылдыруу;
- үзгүлтүксүз товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн райондук, областтык, республикалык, эл аралык көргөзмө жарманкелерин өткөрүү;
- тейлөө кооперативдер системасы муктаж болгон ар кандай аймактык деңгээлдеги жаңы, заманбап мекеме, ишкана жана кызматтарды уюштуруу;
- тейлөө кооперативдер союзунун мүчөлөрүнүн ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарын чечүү максатында арбитраждык сотун түзүү.
Уюштуруу мөөнөтү:
- иш-чараны тез аранын ичинде (жарым жыл, бир жыл арасында), жапатырмак, эрктүү, масштабдуу, параллелдүү бардык калктуу жайларда (айылдарда, кыштактарда, шаарларда, борбор калаада) бир убакытта сервистик кооперативдерди жана алардын райондук, областтык, аягында республикалык союзун түзүү боюнча компаниясын жүргүзүү керек.