Союздун таркашы менен дээрлик бардык республикаларда өнүгүү багыттары катары саясатта – демократияны, эл бийлигин андан ары өркүндөтүүнү, экономикада – базар (рынок) экономикасына багыт алынган.
Экономикадагы кыйынчылыктар:
- базар экономикасынын шартында жетиштүү иш жүзүндө (практикалык) тажрыйбага ээ болгон кызматкерлердин бийликтин жогорку бутактарында, ошондой эле экономиканын ар кайсы тармактарынын уюштуруучуларынын (менеджерлеринин) арасында жоктугу.
Жетишкендиктер:
- экономикалар жеке менчикке негизделип, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдөгү баалар эркин кое берилип, базарларында атаандаштык пайда болуп, экономикада азыраак өсүш байкалууда
Кемчилдиктер:
- мамлекеттик мүлктү тез арада менчиктештирүүнүн, өндүрүш каражаттарын мамлекеттик менчиктен жеке менчикке таркатуу, масштабдуу приватташтыруунун жыйынтыгында эл чарбасында майда товар өндүрүүчүлөрдүн пайда болушу;
- чакан товар өндүрүүчү жеке чарбалар экономиканын басымдуу бөлүгүн түзүп, анын андан ары өнүгүшүнө тоскоол болушу;
- союздук өкмөт структурасы жоюлуп (Союздук өкмөт, Госплан, Госснаб, Центрсоюз, Союзтышкысоода ж.б.), союз мезгилинде калыптанган өз ара кызматташуудагы ийгиликтүү тажрыйбалар, экономиканы башкаруу жана жөнгө салуу механизмдери иштебей калышы, экономикабыздын чаржайыт, уюштуруу жана башкаруу иштеринде башаламандык түзүлүшү;
- союздук кооперациядан ажырап, эбегейсиз чоң аймагыбыз, экономикалык мейкиндиктерибиз, аны менен бирге жаратылыш, эмгек-интеллектуалдык потенциалдарыбыз, жада калса керектөөчүлөрүбүздүн бөлүнүшү.
Учурдагы проблема:
- экономикабызды өнүктүрүүнү өткөн совет доорундагы жетишилген ийгиликтүү тажрыйбалар менен базар экономикасынын механизмдерин жана дүйнөдө болуп жаткан процесстерди (ааламдашуу, маалымат-байланыш технологияларынын өнүгүүсүн, нанотехнологияны ж.б.) эске алуу менен айкалыштырып (симбиоз), бир ынтымакка келип, болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү (потенциал) ачыктап, биригүүгө (консолидация), кооперацияга барууга болгон муктаждык.