Баштапкы тейлөө кооперативдерин уюштуруу

Башкы бет / Долбоор жөнүндө / Баштапкы тейлөө кооперативдерин уюштуруу

Баштапкы тейлөө кооперативи:

- тейлөө кооперативи – бул белгилүү бир калктуу жайдын (же бир нече жакынкы аралыктагы кичинекей калктуу жайлардын) жеке адамдарынын жана юридикалык жактарынын, ишмерликти уюштуруу, өнүктүрүү менен бирге колдо болгон ресурстарды натыйжалуу, рационалдуу колдонуу аркылуу өз мүчөлөрүнүн экономикалык, социалдык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында түзүлгөн,  өз уставын тааныган, уставдык фондго уставда каралган өлчөмдөгү мүчөлүк, уставдык (пайлык) салымдарын кошкон жактардын ыктыярдуу бирикмеси.

Мүчөлөрү:

-  тейлөө кооперативдердин мүчөлөрү болуп тийиштүү калктуу жайлардын (пункттардын) тургундары, жөнөкөй катардагы товар жана ар кандай кызмат керектөөчүлөрдөн тартып кичинекей, орто жана ири бизнес чөйрөсүндөгү эл керектөөчү, өндүрүш-техникалык максаттагы товарларды өндүрүүчү жана ар кандай кызмат көрсөтүүчүлөр түзүшөт.

Уюштуруу иш-чаралары:

- алгач иш-чаралар жер жерлерде демилгечи топ түзүлүп, өз аймагында (айыл, кыштак, квартал, турак жай массивдер, кичирайон) активдүү жарандар, ишканалар арасында тейлөө кооперативин уюштуруу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн башташып, андан соң уюштуруу топтору түзүлүп, тейлөө кооперативин уюштуруу чогулуштарын чакырышып, уюштуруу чечимдерин жана тейлөө кооперативдердин уставын кабыл алуу аркылуу жүргүзүлүп, мамлекеттик каттоодон өтүшөт.

Өлкөлөр боюнча кеңселер
Кыргызстан
+996 776 91 35 62
Биз социалдык тармактардабыз
Copyright © 2025
Тейлөө Кооперативдер Союзу.
Бардык укуктар корголгон.
Купуялык саясаты Пайдалануу шарттары Яндекс.Метрика