Дүйнөдөгү алгачкы кооперативдер

Башкы бет / Долбоор жөнүндө / Дүйнөдөгү алгачкы кооперативдер

Уюштуруу зарылдыгы:

- адамдардын керектөөсү аларды канааттандырууга болгон ресурстар менен чектелиши;

- канткенде чектелүү ресурстар менен өзүбүздүн күндөлүк керектөөлөрүбүздү жакшыртабыз деген маселени чечүүдөгү изденүү;

- ар бири өз алдынча бул проблеманы чечүү мүмкүн болбогондуктан ынтымакка, кооперативдерге биригүүгө муктаж болуу. Алардын оюнда, бай соодагерлер бизге товарларын өз наркынан алда канча кымбат сатууда, а биз алардын  товарларын сатып алып аларды дагы байытып жатабыз. Биз бириксек алардан да бай экенбиз да, анткени соодагерлерге ашыкча акча төлөп жатпайбызбы. Эгерде биз биригип, болгон акчабызга өзүбүз товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алсак, же болбосо өзүбүз өндүрсөк, ошол эле акчага көбүрөөк товар сатып, же өндүрүп ала алмакпыз. Бизге ошол эле товарлар бир топ арзанга келбейт беле дешип, биринчи кооперативдик ишкана Британияда XIX кылымдын башында пайда болгон.

Уюшуудагы негизги принциптер:

- ыктыярдуулук: кооперативдин уставын тааныган, уставдык фондго уставда каралган өлчөмдөгү пайлык салымын кошкон жаран мүчө болуу жана каалаган учурда өз ыктыяры менен мүчөлүктөн чыгуу укугуна ээ болуу;

- кооперативди башкаруу демократия принцибинин негизинде жүргүзүлгөн. Кооперативди башкарууга ар бир кооперативдин мүчөсү шайлоолордо бир добушка ээ болуп, добуш берүү аркылуу кооперативдин башкаруу жана текшерүү органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу, кооперативдин иши менен байланышкан сунуштарды киргизүү, кооперативдин ишин көзөмөлдөө, текшерүү аркылуу жүргүзө алуу;

- Башкаруу органдарынын кооперативдин мүчөлөрүнүн алдында жоопкерчилиги, уставда белгиленген мөөнөт, шарттарда отчет берип туруу милдети каралган.

Башка коммерциялык, чарбалык шериктештик уюмдарынан айырмасы:

- кооперативдин мүчөлөрү уставдык фондго салган үлүшүнүн, пайларынын өлчөмүнө карабастан, бирдей тең укукка ээ болуу.

Өлкөлөр боюнча кеңселер
Кыргызстан
+996 776 91 35 62
Биз социалдык тармактардабыз
Copyright © 2025
Тейлөө Кооперативдер Союзу.
Бардык укуктар корголгон.
Купуялык саясаты Пайдалануу шарттары Яндекс.Метрика